Кызылча салат

КЫЗЫЛ КЫЗЫЛЧА

«Винегрет», «Тон астындагы балык» деген салаттарды кимдер гана жасабайт, кимдер гана сүйүп жебейт?! Албетте, бул салаттардын көркүнө көрк кошкон жана даамын арттырган жашылча – кызыл кызылча. Бул жашылчанын тарыхы байыркы Персияга барып такалат. Тарых булактарында кызылчанын биздин заманга чейин 2000 жыл илгери эле колдонулуп келингени айтылат. Кийинчерээк Жер Ортолук деңизинин жээктеринен анын жапайы сорттору табылып, дары чөп катары пайдаланыла баштаган. Мындан сырткары байыркы убакта гректер кызыл кызылчаны күмүш табакка салып, Аполлонго тартуу кылышканы айтылып келет. Бүгүнкү күндө да Жер Ортолук деңизинин жээктеринде анын жапайы түрлөрү өсөт. Ал кызылчанын мекени катары эсептелет. Кызыл кызылчада А, В1, В2, В6, В12, С, РР витаминдери, кант, кислоталар бар. Мындан тышкары курамынан йод, калий, кальций, натрий, марганец, жез, темир сыяктуу баалуу заттарды табууга болот. Бул жашылча табигый антисептик (микробдорду өлтүргүч) болуп эсептелгендиктен, адамдын ден соолугуна пайдасы зор. Аталган өсүмдүктүн өзү гана эмес, жалбырагы да пайдалуу. Адамга эң керектүү болгон С витаминине бай.

КЫЗЫЛ КЫЗЫЛЧА ЭЛДИК МЕДИЦИНАДА

  • Кызылчаны майда туурап денедеги жараларга жаап койсоңуз, оору басаңдап, ириңдеп кетүү коркунучу азаят.
  • Чийки бойдон же туздалган түрүн бир топко чейин чайнап жесеңиз, тиштин бүйлөсүн бекемдейт. Цинга оорусун дарылоодо (бүйлөгө С витамининин жетишсиздигинен тиштин бошоп, күбүлүп түшүүсү) миңдин бири.
  • Кайнатылган кызылча ичеги-карынды тазалоочу, ал эми кайнатылган суусу заара айдоочу касиетке ээ.
  • Ширеси табитти ачып, сергитүүчү суусундук болуп саналат. Аз кандуулук, диабет, шишиктен арылуу үчүн кызыл кызылчанын ширесин күнүнө 200 граммдан 2 маал ичип туруу сунушталат. Алгач ичкенде көңүл айланышы ыктымал, андыктан сабиздин ширеси менен аралаштырып ичүү туура.
  • Кызылча – кан тамыр ооруларына даба. Ал кандын курамын жакшыртып, кан тамырларды тазалай алат.
  • Жаңы төрөгөн жана климакска кабылган аялдардын организмин азыктандырып, өзүн жакшы сезүүсүнө көмөктөшөт.
  • Бөйрөк, боор ооруларына каршы жана алардын алдын алуу үчүн колдонулат.

Эскертүү! Кызыл кызылчанын ширесин өтө көп ичип алуу баш кан тамырларынын чыңалуусуна алып келиши ыктымал. Айрым учурларда аллергияны козгошу мүмкүн.

АШКАНАДА

КЫЗЫЛЧА ИКРАСЫКеректелүүчү азыктар:

  • Кызыл кызылча – 1-2 даана

  • Сарымсак – 3-4 тишче

  • Уксус (70%) – Жарым чай кашык

Даярдоо ыкмасы:1. Кызылчаларды сууга бышырып алуу керек. 2. Ал муздаганда сүргүчтөн өткөзүп, ага майда тууралган сарымсак, туз, май, уксус кошуп аралаштырыңыз.

«КЫЗГАЛДАК» САЛАТЫ Керектелүүчү азыктар:

  • Помидор – 2 чоң даана
  • Кызыл кызылча – 1 даана
  • Болгар калемпири (кызыл) – 1 даана
  • Пияз – 1 баштын жартысы
  • Салат жалбырактары – 100 грамм
  • Грек жаңгагы – 25 грамм
  • Зайтун майы – 3 аш кашык
  • Даамына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:1. Бышкан кызылчаны (же чийки бойдон деле) сүргүчтөн өткөзүү керек.2. Жуулган помидор, калемпир, пияз жана салат жалбырагы ичке тууралат.3. Тууралган азыктарга туз себилип, зайтун майы менен аралаштырылат. 4. Даяр болгон салатты тарелкага салып, үстүнө майдаланган жаңгакты себелеп коюңуз. Салат даяр!

МАРИНАДДАЛГАН КЫЗЫЛ КЫЗЫЛЧАКеректелүүчү азыктар:

  • Кызыл кызылча – 1 килограмм
  • Уксус (70%) – 1 чай кашык
  • Туз – 1 чай кашык
  • Кумшекер – Чай кашыктын жарымы
  • Кара мурч (тоголок бойдон) – 5-6 даана
  • Лавр жалбырагы – 1 жалбырак

Даярдоо ыкмасы:1. Алгач кызыл кызылчаны сууга бышырып, муздатып алуу керек.2. 1 литр сууга туз, кумшекер, уксус, кара мурч жана лавр жалбырагын салып кайнатып, маринад даярдайбыз.3. Кызыл кызылчаны өзүңүз каалаган формада (салатка же тамакка кошконго ылайыктап) туурап алыңыз. 4. Алдын ала бууда кармалган банкаларга кызыл кызылчаны салып, үстүнө муздатылган маринад куясыз.5. Банканын оозун темир же желим капкак менен бекитүүгө болот. Маринаддалган кызылча 2 күндөн кийин жегенге даяр.

АШКАНА СЫРЛАРЫ

  • Кызыл кызылча бат бышыш үчүн 30 мүнөт сууда кайнатып, андан соң агып жаткан муздак суунун астында 15 мүнөт кармоо керек. Температуранын алмашканынан ал тез жумшарат жана витаминдер жакшы сакталат.
  • Бул жашылчаны микротолкундуу меште, 900 Вт кубаттуулукта бышырууга болот. Ал үчүн аны атайын айнек идишке салып, капкагын жаап, мешке 17-20 мүнөт салуу жетиштүү.
  • Кызылчаны бышырып жатканда чыккан жагымсыз жыттан арылгыңыз келсе, анда ал кайнап жаткан сууга бир үзүм нан салып коюңуз.
  • Жашылчада баалуулуктар сакталыш үчүн туз кошпой бышырган оң.
  • Бышкан кызылчаны муздаткычта 2 күндөн ашык сактоого болбойт.
  • Кайнатып жаткан сууга бир аз лимон кислотасын же кумшекер кошуп койсоңуз, өңү кыпкызыл бойдон сакталат жана туураганда ширеси аз бөлүнөт.
  • Соолуп бараткан кызылчаны бир нече саатка жылуу сууга чылап койсоңуз, калыбына келет.
  • Жаш кызыл кызылча үй температурасында 6-7 күн, муздаткычта 20 күнгө чейин сакталат. Ал эми кышкыга сакталуучу кызылчаларды ороодо кумга көмүп сактоо керек.

КОСМЕТИКАДА

ЧАЧКА МАСКА Чачтын тамырларын бекемдөө жана какачтан арылуу үчүн жумасына бир ирет кызылча маскасын жасап туруу сунушталат. Ал үчүн 150-200 грамм кызылчаны сүргүчтөн (майда болуусу шарт) өткөрүп, чачтын түбүнө сыйпоо керек. Андан кийин башты целлофан баштык менен ороп, 40-50 мүнөт кармоо абзел. Анан жылуу суу менен чайкап, аягында шампунь менен жууп коюу керек.

БЕТКЕ МАСКАСүргүчтөн өткөрүлгөн 1 чай кашык кызыл кызылчага 2 чай кашык каймак кошуп аралаштырып, бетке жабуу сунушталат. 10 мүнөт кармагандан кийин жылуу суу менен жууп коюңуз. Мындай маска бетке кызыл жүгүртүп, терини жашартат.

Салтанат Мукасова[email protected]

www.super.kg

САБИЗ ЖАНА КЫЗЫЛЧА САЛАТ МЕНЕН ӨТКӨН ҮЙЛӨНҮҮ ТОЙЛОР

№787 1-7-декабрь, 2017-ж.

Учурдун үйлөнүү тойлорун көрүп, кыргыздар башка маселелерин жыйыштырып коюп, той бериш үчүн эле жан уруп иштейт деген ой келет. Толгон токой каада-салт, ырым-жырым, жалпылап келгенде, ысырапкорчулук. Илгери үйлөнүү тойлор кандай өтчү эле, атактуулардын өткөнүн эстеп көрөлү.Абдылда Иманкулов, куудул: «МАС БОЛБОГОНДОРДУН БОЗОСУНА АРАК КОШУП ИЙЧҮБҮЗ»– Илгери сүйлөшүп эле жүргөндөр ала качты кылып үйлөнүшчү. Мен да келинчегим Ырысты 1983-жылы ала качты кылып үйүмө алып келгем. Дароо эле 5-6 киши кууп келишти. Алар алып кетели деле дешпейт, каадасы ошондой эмеспи. Аларды коноктоп, калпак, көйнөк, жоолук берип кетирдик. Атамдын иниси баштаган 5-6 тууганым ачуу басарга 1 жылкы алып барган. Калыңга бир кулундуу бээ, бир музоолуу уй, 10 чакты майда жандык бергем. Кыскасы, бекер алган эмесмин. Ал кезде тойго уй, жылкы соймой жок болчу. Бир кой союп айыл-апаны чакырып бата алганбыз. Дасторконго сабиз, кызылча салат, боорсок, сары май коюлчу. Ал кезде азыркыдай спирт ичимдигинин түрү жок эле. Бозо анан бир аз арак берилчү. Бозого мас болбой жаткандарга арактан кошуп жиберчүбүз.

Таалайкан Абазова, актриса: «КАЗАРМАНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ УКМУШТУУДАЙ ТОЙ ӨТТҮ ДЕП ЭЛ КЕП КЫЛЫШКАН»– Алтынбек (ред.: Максүтов) экөөбүз 3-4 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, 1995-жылы 18-сентябрда баш коштук. Алдын ала ата-энелерибиз жолугуп сүйлөштү. Алтынбек атайын ак костюм- шым, мен шөкүлөсү менен кыргыз көйнөк тиктирдим. Мен ал кезде кыргыз драма театрында иштеп, бир окуу жайдын жатаканасында жашачумун. Алтынбек «үйдөн алып кетебиз» дегенинен жатаканадагы кошуна эжем «бияктан алып кетишсе уят эмеспи, дасторкон даярдайлы» деп чуркап калды. Алтынбек достору менен келди, күйөө жолдош Болот Тентимишов болчу. Дасторкон даярдап койгонубуз жакшы болуптур, балдардын баары кычырап костюм-шым кийип, капкара машиналарга шарик, лента байлап, аккордеон менен келишиптир. Аңгыча үйгө сиңдим Нуриса келип калды, ал мага караганда кыйын экен, мени парданын артына жашынтып коюп, балдардан көрүндүк алып, анан бөлмөгө киргизди. Борбордон Тогуз-Торого учак менен учуп бардык. Окуучулар гүл менен тосуп алышты. Кайнатам мугалим, кайненем врач болчу. Кайненем чыгармачыл адам. «Улуу баламдын тою мыкты болсун» деди го, уюштуруунун башында өзү турган. 18-сентябрда келин көргөндөр үйгө келишти, эртеси мектептин ашканасында 1 күн конок тостук. Казарманда биринчи жолу укмуштуудай той өттү деп эл көпкө кеп кылышкан.

Дилбар Раимбекова, ырчы: «ТОЮБУЗ ҮЙДӨ ТУУГАНДАРЫБЫЗДЫН АРАСЫНДА ӨТКӨН»– 1992-жылы Союз тарап, эл той бермек түгүл нан, чайга араң жетип жаткан учур эле. Биз концерт коюп жүрүп, элдин кыйналып жатканын билчүбүз. Чүй театрында иштечүмүн, гастролго чыкканыбызда эмгек акыбызга жумуртка, тоок алган күндөрүбүз болду. Биз ошол жылдары баш коштук. Кайненем жоолук салып, «көйнөк тиктирип ал» деп кездеме бергени эсимде. Апам Маратка (ред.: Алышпаев) турмушка чыгышыма көңүлдөнбөй көпкө жүрдү. Мага эмес, апама жакшы чайлардан, алтын топтом, кымбат жоолук кылып белек алып бара берди. Ошентип жүрүп экөө тил табышып кетти. Кийин «Маратым» деп калды. Тоюбуз азыр өзүбүз жашап жаткан үйдө 20 чакты жакын тууганыбыздын арасында өткөн. Тойго азыркыдай чарпылган деле жокпуз. Конокторду винегрет, оливье салаттары, туздалган бадыраң, боорсок менен тосконбуз.  Амантай Кутманалиев, төкмө акын: «3 КҮН ТОЙ БЕРИП, ГАСТРОЛГО ЧЫГЫП КЕТКЕНБИЗ»– 1995-жылы сүйлөшүп жүргөн кызым Жаңыл менен чогуу гастролго чыгып калдык. Таласты кыдырып жүрүп, менин үйүмө да бардык. «Сүйлөшүп жүргөн кызы ушул экен, азыр эле үйлөнтүп салалы» дешип туугандар Жаңылды отургузуп коюшту. Үйдө 3 күн той бердик. Эшиктин алдына узун столго дасторкон жайдык. Азыркыдай кафелерде 3-4 саат отуруп тарап кетмей жок да. Кечигип келишет, бүгүн келбей калган конок эртеси келет дегендей, классташтарым үзүлбөйт. Ошентип 3 күн той бердик да, гастролубузду улантып кете бердик. Ал кезде азыркыдай ысырапкорчулук жок болчу. Жакында эле бирөөлөр үлпөт тойдон кийин кафенин ижарасын төлөй албай калышып, күйөөгө тийген кызды күрөөгө алып калып жатпайбы. 4-5 саат дегенде араң акча таап келип, келинин күрөөдөн чыгарып кетишти. Ушул кимге керек?!

Сүйүн Кулматова[email protected]

Смотрите также